NhacVibe
Ảnh bìa Гульнура Валижанова - "Поезддеги махабат" (Жаңы клип 2026)

Гульнура Валижанова - "Поезддеги махабат" (Жаңы клип 2026)

Кыяк Медиа · 36,7 N lượt xem · Đã công chiếu vào 29 thg 3, 2026

Mô tả

Автор: Б.Токторов
"Поезддеги махабат"
Эстеймин ошол түндү,
Поездде бирге барган.
Жиби жок өзүңүзгө,
Билдирбей байлап алган.
Улгайган жашын билем,
Уланды сүйүү деген.
Киргенче купеңизге,
Каткырып күлкү менен.

Кайырма:
Ылдам, ылдам, ылдам,
Поезд жүрүп барат.
Сизге болгон сүйүүм,
Кайра күчөп барат.
2-куплет
Коңшулаш купедеги,
Бейтааныш сизди күтөм.
Чыкпайсыз түн ортосу,
Аны мен жакшы билем.
Айта албай саламымды,
Таанышпай каламынбы?
Кара көз бейтаанышым,
Көрсөтчү карааныңды.

Кайырма:
Ылдам, ылдам, ылдам,
Поезд жүрүп барат.
Сизге болгон сүйүүм,
Кайра күчөп барат.
3-куплет
Ал жерде көпкө күткөм,
Махабат көлгө чөккөм.
Айтылбас бул сырларым,
Ыр болуп канат бүткөн.
Жалжал көз бейтаанышым,
Кош эми жаздын деми.
Эстей жүр ырдаганда,
Сүйгөн деп бир кыз сени.

Кайырма:
Ылдам, ылдам, ылдам,
Поезд жүрүп барат.
Сизге болгон сүйүүм,
Кайра күчөп барат.