NhacVibe
Ảnh bìa Айгүл Чалова - Сүйүү арманы [lyric/текст]

Айгүл Чалова - Сүйүү арманы [lyric/текст]

ObonVerse · 1,3 Tr lượt xem · 7 thg 2, 2025

Mô tả

🎤 Lyrics: Айгүл Чалова - Сүйүү арманы
..........

Алдырба, алдырба, ай,
өзүңдү кусалыкка.
Эстей жүр, бирок мени,
сүйгөн деп бир убакта.
-
Өзүңсүз өткүм келбей,
жалгыздык жанга жетпей.
Жашоодо бир келген, ай,
сүйүүмө калдым жетпей.
Аттиң, ай, арман кылам.

Кайырма:
Кайда, сөздөрүң сүйөм деген?
Сагындым, сагындым, ай.
Сүйүүдөн зар какшап, ай,
аттиң, ай, арман кылам.
Сүйүүмө жетпей калган,
жүрөгүм кусаланып.
Ыйлайт, ыйлайт,
сыздатып жан дүйнөмдү.
Кыйнайт, кыйнайт,
тагдырдын буйругу, ай.
-
Курчаган жалгыздык, ай,
камалып туңгуюкка.
Кусамын мен ар дайым,
ар качан кучагыңа.
Чачырап сүйүү нуру,
каптаган бир убакта.
Шамалдар сүйүү нурун,
учуруп кайсы жакка,
учуруп кайсы жакка.

Кайырма:
Кайда, сөздөрүң сүйөм деген?
Сагындым, сагындым, ай.
Сүйүүдөн зар какшап, ай,
аттиң, ай, арман кылам.
Сүйүүмө жетпей калган,
жүрөгүм кусаланып.
Ыйлайт, ыйлайт,
сыздатып жан дүйнөмдү.
Кыйнайт, кыйнайт,
тагдырдын буйругу, ай.
..........

© Бардык укутар чыгарманы жараткан авторлорго таандык.
Бул видео таанышуу максатында гана жасалды.

Auto-generated by YouTube.


#АйгүлЧалова #АйгулЧалова #СүйүүАрманы #суйууарманы #суйуу #арманы #кыргызча #ыр #ырлар #кыргызырлары #music #kyrgyzstan #кыргызчаырлар #хит #музыка #obonverse